Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында кезекте тургандарга тамак-аш жеткирүү уланууда
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасында кезекте тургандарга тамак-аш жеткирүү уланууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында кезекте турган айдоочуларга тамак-аш жеткирүү уланууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, чек ара бекетинде 17 чатыр тигилип, ӨКМдин, тез жардам, ИИМ кызматкерлери нөөмөттө турууда. Жергиликтүү бийлик органдары ысык тамак-аш менен камсыздап жатышат.

 Эскерте кетсек, бул иштер Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен уюшула баштаган.