Жаңылыктар
Нарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды
Кырсык
Нарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды

Нарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Тактап айтканда түнкү саат эки жарымда Бишкек-Торугарт жолундагы капчыгайдын ичинен ЗИЛ автоунаасы менен дагы эки жеңил унаа кагышып, 6 адам денесинен ар кандай оор жаракаттарды алды. 

Жабыркагандардын арасында үчөөсү өспүрүмдөр. Учурда кырсыкка кабылгандар облустук ооруканада дарыланышууда. 

Эскерте кетсек, облус аймагында акыркы 10 айдын жыйынтыгы менен 116 жол кырсыгы катталып, 34 адам каза болгон.