Жаңылыктар
КР Өлкө башчысы мыктыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
КР Өлкө башчысы мыктыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Мамлекеттик сыйлыктар аймактардын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө жана өлкө экономикасын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн бир катар жарандарга ыйгарылды. 

Үчүнчү даражадагы “Манас”, “Даңк” жана "Достук" ордендери ыйгарылды.

Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары өлкөдө орун алган өзгөрүүлөр, анын ичинде өндүрүшкө, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жалпы өнүгүү багытына токтолду.

Президенттин айтымында мына ушул жетишкендиктердин бардыгына бүгүн сыйлыкка ээ болгон жарандардын салымы бар экенин баса белгиледи. Колдоо болгону үчүн улуттук стратегияда камтылган долбоорлорду дагы ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүн болду.

Соңунда бардык сыйлык ээлерин алган ардак наамдары менен куттуктады.

Өз кезегине сыйлык ээлери да алардын эмгектери татыктуу бааланганын, бул да болсо өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар дайым кызмат кылууга дем күч берип тураарын баса белгилешти.