Жаңылыктар
Ахунбаев/Островский көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды
Кырсык
Ахунбаев/Островский көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды

Бүгүн «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаа (айдоочу — 1981-жылы туулган Ж.А.) Ахунбаев көчөсү аркылуу батышты көздөй бара жатып, Островский көчөсү менен кесилишкен жерде жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 2004-жылы туулган жөө жүргүнчү түндүк тараптан түштүктү көздөй өтүп бара жаткан. 

Ал денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилди. 

Айдоочу мас абалда болбогону аныкталды.

Унаа айып аянтчасына киргизилип, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабыр тарткан баланын оң ийининин үчүнчү сөөгү сынганын билдирди. Дарыгерлер анын абалын орто оор деп баалашууда.


Буга чейин окуянын күбөсү бүгүн, 16-ноябрда түшкө маал жеңил унаа 6-7 жаштагы баланы сүзүп кеткенин «Репортерго» билдирген.