Жаңылыктар
Жусуп Мамайга арнап чөбөрөсү ”Бабамдан баян” аттуу китеп жазды
Маданият
Жусуп Мамайга арнап чөбөрөсү ”Бабамдан баян” аттуу китеп жазды

Улуу манасчы Жусуп Мамайга арнап чөбөрөсү ”Бабамдан баян” аттуу китеп жазды. 

Анда залкардын өмүр жолу, насаат сөздөрү камтылып, публицистикалык жанрда жарык көрдү. Китептин бет ачары өтүп, иш-чарага бир катар маданият ишмерлери катышты. 

Тургунаалы Жусуп Мамайдын балалык күндөрү залкардын жанында өтүп, анын акыл-насаатын угуп чоңойгон. Баалуу мурасты калтырган бабасы менен сыймыктанып, анын баскан жолун тарыхта калтыргысы келет. 

Китеп миң нускада жарык көрдү. Аны басып чыгарууга “Ыйман” фонду колдоо көрсөткөн.