Жаңылыктар
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан алынды
Саясат
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан алынды

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. 

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович ээлеп турган вице-премьер-министр кызматынан бошотулсун", - деп айтылат буйруктун текстинде. 

Зилалиевди кызматтан алуу чечими аны башка жумушка которуу боюнча премьер-министр Сапар Искаковдун сунушу менен кабыл алынганы кабарланды.