Жаңылыктар
Өлкөдө мектеп жана бала бакчалар арбын курулууда
Билим
Өлкөдө мектеп жана бала бакчалар арбын курулууда

15-ноябрга карата республикада 25 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу аяктады. 

Жыл аягына чейин дагы 74 билим берүү объекти пайдаланууга берилет. 

Бул маалыматтар Жогорку Кеӊеште өткөн мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарынын курулушунун жүрүшү боюнча өткөн өкмөттүк саатта белгиленди. 

Эл өкүлдөрү өлкөдө курулуп жаткан мектептердин сапатына көңул буруу зарылдыгын белгилешти. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"