Жаңылыктар
Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигине жаңы директор дайындалды
Саясат
Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигине жаңы директор дайындалды

Эсенкул Момункулов Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды. 

Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Өкмөт башчы Агенттиктин эмгек жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. 

Инвестициялык саясаттын бирдиктүү мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылышы - ички жана келечектүү чет элдик инвесторлор үчүн да кошумча ыңгайлуулуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. 

Агенттик үчүн негизги милдеттердин бири: инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык абалды жакшыртуу, бул милдетти ишке ашырууда тейлөө сапатын жогорулатып, ар кандай тоскоолдуктарды азайтуу зарыл деди Сапар Исаков. Премьердин айтымында, агенттиктин түзүлүшү менен инвестициялык абалды жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. 

Эскерте кетсек, Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиктин макамы жогорулатылган. Тагыраак айтканда, инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги болуп кайрадан түзүлгөн.