Жаңылыктар
Памирлик боордошторго кыргыздын көөнөргүс каада-салттары тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик  боордошторго  кыргыздын көөнөргүс каада-салттары тааныштырылды

Нарындагы Памирден келген боордош туугандарга кыргыздын көөнөргүс каада-салттарын тааныштыруу максатында этно-фестиваль болуп өттү. Анда кол өнөрчүлүктөн баштап, кыз узатуу, баланы бешикке салуу жана тушоо кесүү жөрөлгөлөрү өттү. Иш-чара кыргыздын шаңдуу ыр-бийлери менен коштолуп, памирликтер жагымдуу маанайлары менен активдүү катышты.

Өрнөк согууну бала кезинен бери эле өздөштүргөн Памирлик Дөөлөт бул жактан да алдына киши салчудай эмес. Эң биринчи сапатына көңүл буруп, иштин майын чыгара жасагандыктан анын колунан көздүн жоосун алган далай өрнөктөр түйүлүп, акчага сатылчу экен.

Кыргыздын көөнөргүс каада-салттарын боордошторго көргөзүү үчүн атайын этно-фестиваль уюшулуп, анда кыз узатуу, баланы бешикке салуу жана тушоо кесүү иш-чаралары өткөзүлдү. Мындай жагымдуу маанай кичинекей Иманкожонун тушоосун кесүү убагында болду. Анткени боордошторго бул жөрөлгө тааныш эмес. Ошентсе да, туугандарыбыз иш-чарага кубануу менен активдүү катышышты.



Памирликтерди коомго аралаштыруу жана аларды жумушка тартуу иштери азыр кызуу жүрүп жаткан убагы. Азыр биринчи максат: аларды билимге сугарып, кат сабаты жоюлгандан кийин кийин Нарындын ар бир райондоруна 2 ден үй-бүлөнү жайгаштыруу. 

Ал эми балдарды 87-кесиптик лицейге окутуу пландалууда. Эми Памирден келген кыргыздарга ар кыл тармактагы кесиптерге үйрөтүү иштери башталат. Анда компьютерди, айдоочулукту, электромонтёр жана ширетүүчү өнөрлөрүн өздөштүрүшөт.