Жаңылыктар
Токтогулда жол кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу түлөө өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулда жол кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу түлөө өткөрүлдү

Жол кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу, Токтогул районун эли түлөө өткөрүп, куран түшүрүштү. Токтогулдуктардын түлөө өткөргөнү да жөн жайдан эмес. Анткени Бишкек - Ош каттамы районду аралап өтөт. 

Мындан улам жол кырсыктарынын көбү да ушул жолдо катталууда. Саамалык учурунда жолдо сапарда бара жаткан унааларды токтотуп, андагы жүргүнчүлөргө тамак-аш таркатылып, коопсуздук жагын эскерткен түшүндүрүү иштери жүрдү.

 Муну менен катар эле жүргүнчүлөргө жолду катар этият болуп, көздөгөн жерине аман-эсен жетип алууну каалашты.