Жаңылыктар
Бишкектеги 5 акча алмаштыруу жай административдик жоопкерчиликке тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги  5 акча алмаштыруу жай административдик жоопкерчиликке тартылды

 

Ордо калаадагы Абдрахманов көчөсүнүн №119, №150 үйлөрүндө жана Киев көчөсүндө жайгашкан беш акча алмаштыруу жай административдик жоопкерчиликке тартылды. 

Улуттук банктан билдиришкендей, аларга банк ишмердүүлүнө байланышкан мыйзамдарды бузуу фактысы боюнча ар бирине 100 000 сомдон айып салынды. 

Мындан сырткары кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн дагы эки акча алмаштыруучу жай жоопко тартылды. Алар Бишкектин Абдрахманов көчөсүнүн №119 жана №144 үйлөрүндө жайгашкан. Бул берене боюнча ар бирине 20 000 сомдон айып салынды.