Жаңылыктар
А.Атамбаев 20-ноябрда журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев 20-ноябрда журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөт

Бул анын президенттик кызматындагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен акыркы жолугушуусу болмокчу. Өлкө башчы буга чейин жылына эки ирет кабарчылар менен кезигип, суроолоруна жооп берчү. Жылда жаңы жылга жакын өтүүчү өлкө башчынын маалымат жыйыны быйыл ноябрь айынын соңуна белгиленген.

Анткени азыркы иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктаарына саналуу гана күндөр калды. Алмазбек Атамбаев өзүнүн 6 жылдык президенттик мөөнөтүндө жыл жыйынтыгын чыгаруучу жана салтка айланган жайкы маалымат жыйындарын калтырбай өткөрүп келди. Мурдагы президенттердин убагында боло жүрчү көндүм көрүнүш акыркы алты жылда толугу менен жокко чыкты. Журналисттер өлкө башчысына каалаган суроосун берип, жооп алуу адатка айланды. 

Суроону алдын ала даярдап коюу же жогору жактан кимдир бирөө менен макулдашуу тажрыйбасына азыркы президенттин убагында эч ким кабылган жок. Кабарчылар президентке саясаттан тартып анын жеке жашоосуна чейинки бардык кызыктырган суроолорун берип, алардын бири да жоопсуз калган эмес. Журналисттердин айтымында, өлкө башчы ачык айрымдыгы жагынан алдына эч кимди салган жок. Маалымат жыйындарга адаттагыдай ондогон журналисттер чогулуп, эл аралык медиа мекемелердин өкүлдөрүнө чейин катышты. Өлкө башчынын маалымат каражаттары менен мындай мамилеси эң ириде мамлекеттеги сөз эркиндигинин абалына баа болуп эсептелет.