Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришүүсүнө саналуу күндөр калды
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришүүсүнө саналуу күндөр калды

Кызыл килем төшөлүп, орундуктар коюлуп, баардык иш түзүлгөн сценарийдин негизинде жасалууда. Бул заңгыраган имарат 2016-жылы курулуп, быйыл ишке кирген. Жыл башынан бери орчундуу саамалыктар: “Ак илбирс”, “Таза Коом”, “Азыркы светтик мамлекеттеги ислам” жана президенттин сыйлык тапшыруулары өңдүү саамалыктар өткөрүлгөн. Эми шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүүсү күтүлүүдө.

Келе жаткан апта соңу Кыргызстандын тарыхындагы урунтуу учур. Анткени бийлик тынчтык жолу менен алмашканы турат. Уюштуруу комитети инаугурацияны “Ала-Арча” резиденциясына өткөрүү чечимимин кабыл алган. Чакырылган 450 адамдын арасында эмгек ардагерлери, коомдук, маданий ишмерлер, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана таанымал инсандар бар. Ант берүү аземи эл-журтка түз эфир аркылуу көргөзүлөт. Бирок салтанатка сырттан чоң меймандар чакырылбайт.

Эл аралык практика демекчи. Инаугурация тар чөйрөдө, жаңы президент өз элинин алдында ант берген учурлар башка өлкөлөрдө кеңири тараган. Мисалы жакында Өзбекстан бийлигин колуна алган Шавкат Мирзиёев сырттан мейман күткөн эмес. Грузиянын президенти дагы башка өлкөлөрдүн төбөлдөрүн чакырбай ант берген. Мындай көрүнүш көп кездешет. Кыргызстан дагы эл аралык эрежени карманып, даярдык көрүүдө.