Жаңылыктар
Базарларда азык-түлүктүн кайсы түрүн сатууга тыюу салынган?
Кыргызстан жаңылыктары
Базарларда азык-түлүктүн кайсы түрүн сатууга тыюу салынган?

Бишкекте азык-түлүк продукцияларын саткан ондогон ири соода борборлору бар. Алардын бардыгында сапатты аныктаган ветеринардык лабораториялар жайгашкан. Мыйзам боюнча дүкөнгө келген продукциянын баары милдеттүү түрдө текшерүүдөн өткөндөн кийин гана сатыкка коюлушу керек. Товардын сапатын бир канча көз ирмемде аныктоо мүмкүнчүлүгү Ош базарынын лаборанттарында пайда болду. Мында сатыкка келген азык-түлүктүн баары, балык, эт, сүт азыктары, жер-жемиш, бал текшерүүдөн өтөт. 

Адам саламаттыгына коркунуч келтирүүчү зат жок экени тастыкталган соң гана сатыкка уруксат берилет. Ар бир азыкка өз өзүнчө анализ жасалат. Эт азыктарына көзөмөл өзгөчө. Толук текшерүү “трихинеллоскоп” жабдыгы аркылуу ишке ашат. Кокус азыктын сапатсыз экени белгилүү болсо эт өзүнчө муздатылган бөлмөдө жок кылынып, үлгүсү республикалык лабораторияга жиберилет. Бул орунда болсо мөмө жемиштер текшерилет.

Сүт азыктарына да көзөмөл катуу. “Лактан” аспабы сүттүн сапатына так баа берет. Товардын сапаты лабораториялык экспертизанын жыйынтыгы менен далилденет. Текшерүүдөн өткөн азыктарга сапат белгиси менен атайын талон берилет. Аны сатып алуучулардын баары талап кылса болот. Анализдин тактыгын заманбап жабдыктар аныктайт. Ошондуктан шаардыктар менен калаа тургундары Бишкекте сатылып жаткан азык-түлүктүн баарын коркпостон сатып алса болоорун ветеринарлар белгилешет. Кокус тиги же бул продукциянын сапатына шек санагандар болсо алар лабораторияларга кайрылып азыкты өз алдынча, кошумча анализден өткөрө алышат.