Жаңылыктар
"Энергетиктердин аллеясы" пайда болду
Кыргызстан жаңылыктары
"Энергетиктердин аллеясы" пайда болду

Түштүк магистралдын бир бөлүгүндөгү Жайыл Баатыр көчөсүн бойлой "Энергетиктердин аллеясы" пайда болду. Улуттук энергохолдингдин өкүлдөрү келечекте барпайган бак болуп, ордо шаарыбызды көркүнө чыгара турган көчөттөрдөн 100гө жакынын отургузду. 

Алардын ичинде майда жалбырактуу липа, чыгыш чынары жана ийне жалбырактуу өсүмдүктөр бар. "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери дарактарды отургузуу боюнча атайын мастер-класстарды да өткөрүштү. 

Өлкөнүн ири компаниялары бул демилгени колдоого алып, шаарды жашылдандырууга өзүнүн салымын кошууда. Алсак, өткөн аптада “Манас” эл аралык аба майданынын өкүлдөрү дагы ушундай көчөттөрдү отургузган.