Жаңылыктар
Москвада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий кече өтөт
Маданият
Москвада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий кече өтөт

Москвада улуу жазуучу, дүйнөлүк калемгер, даанышман инсан Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий кече өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. 

Маданий иш-чара 20-ноябрда "Москвадагы улуттардын үйү" маданият ордосунда болот. Элчилик Орусияда жүргөн мекендештерди кечеге келип, Чыңгыз Айтматовдун улуулугуна дагы бир жолу ынанып, баарыбыз ошол улуу адамдын жердеши, замандашы экенибизге сыймыктанып кетели деп чакырууда. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда төрөлүп, 2008-жылы 10-июнда каза болгон.