Жаңылыктар
Чүйдө жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кант шаарында тартип коргоо органдары жана коомчулук менен биргеликте жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды эскерип, аза күтүү иш-чарасын өткөрдү.

Планга ылайык жалпы облустун аймагында жүрүп бараткан бардык унаалар 3 мүнөткө токтотулду. 

Эскерте кетсек Бириккен Улуттар уюмунун 2005-жылы кабыл алган резолюциясына ылайык, ноябрь айынын үчүнчү дем алыш күнү “жол кырсыктарынан жабыр тарткандар” эскерилет. 

Расмий маалыматтарга караганда бир жыл аралыгында, дүйнө жүзү боюнча болжол менен бир миллион 250 миңден ашык адам жол кырсыгынан улам көз жумат.