Жаңылыктар
Кыргыз драма театрында жогорку лигадагы КВН командаларынын оюну өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз драма театрында жогорку лигадагы КВН командаларынын оюну өттү

Борбор калаадагы Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драмалык театрында жогорку лигадагы КВН командаларынын оюну өттү. 

Иш-чара өлкөдө КВНдин алгачкы оюнчуларынын бири, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмери профессор Анэс Зарифьяндын урматына уюштурулду. 

Оюнда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана башка КМШ өлкөлөрүнөн 5 команда ат салышты. Биринчи орунду алган командага чемпиондун кубогу жана 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. 

Эске салсак, иш-чара быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Алгачкы жолу былтыр Анэс Зарифьяндын 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

"Бул иш-чарада КВНде ойноп жүргөн мыкты командалар баш байге үчүн ат салышат. Бул сынакты уюштуруунун башкы максаты өлкөдө КВНдин деңгээлин көтөрүү, аны өстүрүп эл аралык жарыштарда мыкты командалар менен тең тайлаша билүү болуп жатат. Мени кубандырганы бизде андай командалардан уучубуз куру эмес. Буга далил катары мисалы Азия Микс командасын айта алабыз. Ушинтип акырындан өнүктүрө берсек болот",-деп билдирди Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Анэс Зарифьян.