Жаңылыктар
Чет жактагы мигранттардын экономикага кошкон салымы
Экономика
Чет жактагы мигранттардын экономикага кошкон салымы

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерибиз Кыргызстанга 1 миллиард 840,65 миллион доллар которгон. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти. 

Өткөн жылдын январынан сентябрь айына чейин мигранттар 1 миллиард 465,89 миллион доллар которгон болчу. Муну менен быйыл өлкөгө которулган акчанын көлөмү 275 миллионго көбөйгөнү байкалат. 

Каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядагы мигранттардан келген. Тагыраак айтканда, 1 миллиард 805,64 миллион доллар. 

Калганы башка алыскы өлкөлөрдөн жана Казакстандан жөнөтүлгөн. Маалыматтар боюнча чет жакта миллионго чукул кыргызстандык эмгектенет. Алардын 80 пайызга жакыны Россияда.