Жаңылыктар
Түндө Бишкекте жүк ташуучу поезд жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти
Кырсык
Түндө Бишкекте  жүк ташуучу поезд жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Бишкекте поезд кулагына наушник таккан баланы өлтүрө сүзүп кеткенин “Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалымат боюнча, 20-ноябрда түнкү саат бирде жүк ташуучу поезд жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 

Окуя “Бишкек I–Бишкек II” станцияларынын ортосундагы темир жолдун 3779-чакырымында орун алган. Жөө жүргүнчү жаш бала болгон. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кулагына кулакчын тагып алып, телефон менен сүйлөшүп бара жаткан. Ал поезддин үн белгисине карата аракет кылбай койгондуктан, кырсыктын алдын алууга мүмкүн болгон эмес.