Жаңылыктар
20-ноябрь балдардын Эл аралык күнү
Маданият
20-ноябрь балдардын Эл аралык күнү

20-ноябрь балдардын Эл аралык күнү. 

Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында балдардын укуктарына арналган иш-чаралар өтөт. Мектептерде балдардын укуктары, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маалыматтар берилет.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча 20-ноябрь Балдардын эл аралык күнү деп бекитилген. 

1959-жылы 20-ноябрда “Балдар укуктарынын декларациясы”, 1989-жылы “Балдар укуктарынын конвенциясы” кабыл алынган. 

Бул күнү дүйнө жүзү боюнча балдар өздөрүнүн укуктары тууралуу маалымат алып, зордук-зомбулукка жана адилетсиздикке каршы иш-чаралар уюштурулат. 

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 385 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 264 миллион бала мектепте окубайт. 

Беш жашка чейинки 5,6 млн. бала былтыр оорудан каза тапкан.