Жаңылыктар
Быйыл Садыркуловдун каза болгонуна 7 жыл болот
Саясат
Быйыл Садыркуловдун каза болгонуна 7 жыл болот

Быйыл Бакиевдин саясатынын курмандыгы болгон, президенттин мурунку аппарат башчысы Медет Садыркуловдун каза болгонуна 7 жыл болот. 2009-жылы 13-мартка караган түнү Садыркулов баш болгон үч адам кыйноо менен өлтүрүлүп, кылмыш изин жашыруу үчүн жол кырсыгы уюштурулган. Кийин 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин бул кылмыштын бети ачылып, аларды Жаныш Бакиев жана күч түзүмүнүн кызматкерлери бандиттер менен чогуу өлтүргөнү аныкталып, айрымдары сот жообуна тартылды. Садыркулов баш болгон бир катар чыгаан саясатчылардын өлүмү ошол кездеги бийликтин саясий буйругу болгон дейт талдоочулар. 

Президенттин мурунку аппарат башчысы, ошол кездеги таасирдүү саясатчылардын бири Медет Садыркуловдун сырдуу өлүмү, өз кезегинде коомчулукта көптөгөн күмөндүү суроолорду жараткан. Каргашалуу 13-марттын түнүндө Аламүдүн капчыгайындагы Бишкек-Жылуу-Булак жолунда "Ауди-100" жана "Лексус-570" автомашиналары сүзүшүп, кагылышуудан эки автоунаа тең күйүп кетип, “Лексус” унаасындагы үч адамдын дененим  таанылгыс болуп өрттөнгөн. Бул ошол кездеги расмий маалымат эле.

 Кийин күйүп кеткен унаада Садыркуловтон сырткары, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов болгондугу аныкталып, окуянын чоо-жайы  Бакиевчилер бийликтен кулап, Кыргызстандан качып кеткенден кийин гана ачыкка чыкты.

Садыркуловду өлтүрүүгө ошол кездеги Коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги, Мамлекеттик күзөт кызматы, Чек ара кызматынын чоң кызматтагы адамдары менен катар Жаныш Бакиев өзү да катышкан.  Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Казакстандан кайтып келатканда түнкү саат экилерде жол сакчыларынын формасын кийген мамлекеттик күзөт кызматкерлери тосуп чыгып, унаада адамдарды шаар четиндеги дачага алып барып, кыйнап өлтүрүшкөн. Кылмышкерлер изин жашыруу максатында жол кырсыгын уюштуруп, кырсыкка күнөөлү деп, “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду кармап беришкен. Кийин сот аны 12 жылга эркинен ажыратып, бирок ал 2010-жылы апрелде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ошол кездеги “Улуу Биримдик” партиясыныны лидери, Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Садыркулов өлүмүн “саясий террор” деп да атоого болот дейт.

Садыркулов кызматтан кетип, Бакиевдер менен ыркы кете баштаганда, эскертүү катары анын үйүнө, кесилген адамдын манжасы менен кулакты таштап кеткен. Ошол кезде бул кылмыштин бетин ачууга аракет кылган, Ички иштер министри Мелис Турганбаев буларды айтат.

Биздин жигиттерди кызматтан  айдап баштады. Ошол ишти иликтеген 50 кызматкерибиз жумушсуз көчөдө калышты. Мени министрдин орун басары кылып дайындап, мен чарба менен алек болуп калдым.  Ошол кезде убагында бул ишке туура баа берилет деп ойдо элек. 

Садыркулов иш билги чиновник гана эмес, мамлекеттин келечеги үчүн күйгөн инсан экендигин өмүрүнүн акыркы жылдарында далилдей алды дейт, белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев. Ал Бакиевдин саясатына каршы чыгуу менен ошол кездеги оппозиялык маанайдагы адамдарды топтой баштаганы бийликке чоң коркунуч жарата баштаган.

 2012-жылы ноябрда Бишкек гарнизондук аскер соту Садыркулов, Сулайманов, Слепченконун өлүмү боюнча өкүм чыгарган. Соттун өкүмүнө ылайык, мурдагы Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев 5 жылга, УМККнын «Альфа» тобунун мурдагы кызматкери Бакыт Байжанов жана ИИМдин атайын тобунун кызматкери Эргешбек Маткайымов 15 жылдан эркинен ажыратылган. Ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Марат Турдукулов18 жыл кесилген жана бир катар адамдар сот жообуна тартылган. Ал эми кылмыштын негизги уюштуруучусу болгон, ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын ошол кездеги жетекчиси Жаныш Бакиев качып жүргөнүнө байланыштуу сыртынан соттолгон.

Сүймөнкул Идирисов, БИРИНЧИ РАДИО