Жаңылыктар
Жаңы альтернативдүү жолдун наркы 850 миллион долларга бааланууда
Экономика
Жаңы альтернативдүү жолдун наркы 850 миллион долларга бааланууда

Жалпы узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк - Түштүк жолу Балыкчы - Кочкор - Арал - Казарман - Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. 

Анын болжолдуу наркы 850 миллион доллар деп бааланууда.

Долбоорду ишке ашыруу башталып, ал үч фазага бөлүнгөн.

Биринчи фаза 154 чакырымды түзүп, Кызыл-Жылдыз, Арал, Казарман айылдары аркылуу өтөт. Ошондой эле, Көк-Арт ашуусунда 3,7 чакырымга жеткен тоннель куруу каралган. Экинчи фазанын узундугу 96 чакырымды түзөт. 

Анда дагы 0,7 чакырымга жеткен тоннель курулат. Акыркы үчүнчү фазасы 183 чакырымга жетип, Балыкчыдан Кызыл-Жылдыз айылына чейинки аралыкты камтыйт. 

Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бир гана Бишкек - Ош жолу бириктирип турат.