Жаңылыктар
Нарында унаа кырсыктарынан каза болгондордун элесине акция өттү
Аймак
Нарында унаа кырсыктарынан каза болгондордун элесине акция өттү

Нарын шаарында жолдогу унаа кырсыктарынан каза болгондорду эскерүүгө карата акция өтүп, жол кыймылы бир мүнөткө токтотулду. 

Облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө башмармалыгынын башчысы Тилек Оторовдун айтымында, жыл башынан бери облус аймагында жалпысынан 106 жол кырсыгы катталып, 35 киши каза тапты. 189 адам ар кандай жаракаттарды алган. 

Жол кырсыгы көбүнчө жол эрежелерин сактабагандан улам келип чыгууда.

Эскерте кетсек, ноябрдын үчүнчү жекшембиси дүйнөдө жол кырсыгынан улам каза болгондорду эскерүү күнү. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына караганда, жыл сайын жол кырсыгынан 1 миллион 250 миң киши көз жумат.