Жаңылыктар
Доллар кымбаттоодо
Экономика
Доллар кымбаттоодо

Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, 450 миң доллар сатты. Бул ноябрь ичиндеги банк тарабынан жүргүзүлгөн 7- интервенция. 

АКШ валютасынын кымбаттап жатышын эксперттер негизги соода өнөктөш өлкө болгон Россияда рубльдын арзандап жатышы менен байланыштырат. 

Ал эми Улуттук банктын адистери бул валюта рыногунун суроо- талабы экенин айтуу менен, чочулоого негиз жок дешүүдө.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"