Жаңылыктар
Акматбек Келдибековго 10 миллион сом айып пул салынды
Коррупция
Акматбек Келдибековго 10 миллион сом айып пул салынды

Бишкек шаардык соту экс-спикер Акматбек Келдибековдун иши боюнча өкүм чыгарып, ага 10 миллион сом айыппул салды.

Биринчи Май райондук соту экс-спикерди коррупция боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачуу боюнча 3 миллион сом айыппул салган. Шаардык сот Келдибековду эки иш боюнча күнөөлүү деп таап, алардын ар бирине 5 миллион сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирди. Келдибеков соттун чечими боюнча кандайдыр бир пикир айтуудан карманды. Жактоочулары болсо Келдибеков менен кеңешкенден кийин гана кийинки кадамдар аныкталарын белгилешти.

Бишкек шаардык сотуна бүгүн саат 11 ге белгиленген отурум жарым саат кечигип башталды. Отурумда айыпталуучу Ахматбек Келдибеков акыркы сөзүн айтты.

Келдибеков соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнө коюлган айыптар боюнча күнөөсү жок экенин тиешелүү документтердин негизинде далилдегенин белгилеп, сот адилет чечим чыгарарына ишенгенин айтты.

Шаардык соттун башчысынын милдетин аткаруучу, судья Ирина Воронцова башында турган курамында Бекболот Жаналиев менен Кайсын Абакиров кирген соттук коллегия айыпталуучунун сөзүн угуп, Салык Кызматын жетектеп турганда “Бизнес-партнер” ишканасы менен иштешкенде жана Жогорку Кенештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда мыйзамды одоно бузган деп 10 миллион сом айып салды. Соттук коллегия Ахматбек Келдибековдун буга чейин сот жообуна тартылбаганын, анын 6 баласы бар экенин, жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен жеңилдеткен чечим чыгарганын өкүмдө белгиледи. Ал арада Ахматбек Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров соттун өкүмүнө каршы экенин Биринчи радиого билдирди. Ал соттун чечими саясый буйрутма болгонун айтып, өкүмдү жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко көзөмөл арыз менен кайрыларын кабарлады. Мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Кеңештин мурунку төрагасынын үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган болчу.

Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековдун иши каралып, анда фемида өкүлдөрү соттолуучуга карата ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу жана Социалдык фондду жетектеп турганда мыйзамды одоно бузган деп 10 миллион сом айып салды.

Эске сала кетсек, 10-мартта сот отуруму болуп, тараптардын жарыш сөзгө чыккан. Анда мамлекеттик айыптоочу Келдибековду мүлкүн конфискациялоо менен катуу режимде 10 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Өз кезегинде Келдибековдун адвокаттары анын эч кандай күнөөсү далилденбегенин айтып, актоону суранышкан. Ишти Бишкек шаардык соттун судьялары Бекболот Жаналиев, Кайсын Абакиров жана Ирина Воронцовалар карашты.

Эскерте кетсек, Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу), 303-беренесинин биринчи бөлүгү (коррупция), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Келдибеков жогорудагы айыптар менен 2013-жылы камакка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион сом айып пул салган.

Бозулан Ысаков, БИРИНЧИ РАДИО