Жаңылыктар
Президент тарабынан КТРКнын 4 кызматкери сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент тарабынан КТРКнын 4 кызматкери сыйланды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. 

Анын алкагында КТРКнын 4 кызматкери Алмазбек Атамбаев тарабынан сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамга «Биринчи радионун» башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбекова жана «Кыргыз радиосунун» баяндамачысы Күлсүнай Аширбаева ээ болду.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы «Ала-Тоо24» маалыматтык каналынын продюссери Мирбек Молдакунов жана оператору Бактурсун Дуйшөнбековго ыйгарылды.