Жаңылыктар
Транзит экономиканын негизги тармагынын бири
Экономика
Транзит экономиканын негизги тармагынын бири

Транзит экономиканын негизги тармагынын бири болуп саналат. Борбор Азиядагы транзитти өнүктүрүү боюнча өкүлдөр Астанада чогулуп, Кыргызстан, Казакстан, Тажикистан, Өзбектандан өндүрүлүп чыгарылган товарларды Кытай, Россия жана Европа мамлекеттерине жеткирүүдө жеңилдик жолдорун талкууга алышты. Анда ар бир өлкө жүк ташыган унаалар жогоруда аталган өлкөлөрдүн аймагынан сөзсүз кесип өтүшү керектигин сунуш кылышты. 

Анткени транзиттик өлкөлөрдүн бардыгы өсүп өнүккөн бай мамлекеттер. Бул конференция укуктук жана техникалык маселелер боюнча  мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалогду түзүүгө мүмкүндүк берет. Форум чечим кабыл алуудагы ички жана тышкы региондогу адистерди бириктирип, Евразиялык деңгээлде  транзиттик түзүмдүн  атаандаштыгы үчүн жагымдуу шарттарды жакшыртуу максатын көздөйт. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"