Жаңылыктар
Мигранттардан келген акчалар арбыды
Экономика
Мигранттардан келген акчалар арбыды

Эмгек мигранттарынын Кыргызстанга которгон акчасы акыркы 9 айда 2 млрд долларга чукулдады. Мындай маалыматты Орусиянын борбордук банкы менен кошо Кыргызстандын улуттук банкы да тастыктоодо. Талдоочулар мунун себебин ЕАЭБдин таасири тийип жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Кыргызстан ЕАЭБке кирүү алдында бир катар сындар айтылып, экономикалык көрсөткүчтөр кескин төмөндөйт деген пикирлер да болгон. Натыйжада, убакыттын өтүшү менен ЕАЭБдин өлкөбүзгө оң таасирлери тийе баштаганы билине баштады. Буга бир эле мисал Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын да көйгөйлүү маселелери чечилип, алардан которулуп туруучу акча каражаттарынын көлөмү улам көбөйүүдө.

Быйылкы жылдын тогуз айында чет өлкөдө иштеген мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 84 млн 650 миң доллар которгон.
Өткөн жылдын январынан сентябрь айына чейин мигранттар 1 миллиард 465 млн 890 миң доллар которгон болчу. Муну менен быйыл өлкөгө которулган акчанын көлөмү 375 миллион долларга көбөйгөнүн байкоого болот. Каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядагы мигранттардан келген. Тагыраак айтканда, 1 млрд 805 млн 640 миң доллар которулган. Калганы башка алыскы өлкөлөрдөн жана Казакстандан жөнөтүлгөн.

Арийне, мигранттардын ысык-суукта иштеп тапкан акчасы аш-тойлорго гана иштетилип жок болуп кетип жатат деген жүйөлөр көп айтылып келген. Учурда миграция кызматы мекендештерибиздин акчасын иштетүү демилгесин көтөрүүдө. Анда таман-акы маңдай тери менен тапкан каражаттарды кандайдыр бир ишкана ачууга жана ошол эле учурда өкмөт тарабынан жеңилдетилген насыяларды берүү механизмдери да сунушталууда. 

Союз тарагандан кийин Орусияга барып мигрант болуп, жеңил-өнөр жай тармагында 5 жыл иштеген Айгүл Кенжебаева өз мекенине келип, бир катар колдоолорду тапты. Чет өлкөдөн алган тажрыйбасын өз мекенине келип бөлүшүү үчүн ал Кыргызстанга келип, тигүү цехин ачып иштетип, учурда 200 адамды жумуш менен камсыз кылган. Анан калса, Кыргызстанда тигилген аялдардын кийимин, ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо талапка ээ. 

Учурда миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 700 миңге жакын кыргызстандык бар. Анын 660 миңи Орусияда, калгандары Казакстанда, Түркияда жана аз санда Түндүк Корея менен Бириккен Араб Эмираттарында.