Жаңылыктар
Борбор калааны таштандыдан арылтуу үчүн 48 бригада иш алып барууда
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калааны таштандыдан арылтуу үчүн   48 бригада  иш алып барууда

Борбор калаанын тургундары  жаңы шайланган  мэрден  шаар  турмушунун  көйгөйлүү маселелерин чечүүнү күтүп жаткан чагы.  Анын негизгиси  көпчүлүктү түйшөлткөн  таштандыдан арылуу  маселеси. Шаардыктарга  микрофон узатканыбызда  бир ооздон калаанын тазалыгы тууралуу айтышты.

Шаардыктар: Жаңы мэрден биринчи эле  тазалыкты. Сырттан келген конокторго  уят  болбогондой болсок. Базарлардын тазалыгына көңул бурса. Ага бөлүнгөн каражатты  туура пайдаланса. Тазалык анан тартип болуш керек...

Таштанды темасы ар бир калааны башкарууга келген  жетекчи  үчүн  “көкөйгө көк таштай” тийген маселе болуп келет. Албетте, шаардын жашоочулары жылдан-жылга өсүп жатат, ага жараша  таштандынын көлөму да  көбөйүүдө. Деген менен   инфраструктура  дээрлик  мурдагы калыбында.  Ошондой болсо да   акыркы учурда  шаардын тазалык маселеси акырындап чечилип  жаткандыгын  мурдагы  мэр Кубанычбек Кулматов маалымат жыйында билдирген болчу.  Ал шаардын өнүгүүсү боюнча атайын программа иштелип, ал 2016-2017-жылдары толугу менен  ишке ашырылат деген.  Анын ичинде ушул эле маанилуү делген  жана   жалпы эле коомчулуктун көңүл борборундагы  таштанды чыгаруу, жарыктандыруу жана жол маселелери.

Кулматов .. Шаардын өнүгүүсү үчүн бүт маселени чечип кеттим.

Бүгүнкү күндө Бишкекти таштандыдан арылтуу үчүн  “Тазалык” мекемесинин кызматкерлери күнү-түнү иш алып барууда. Ишкананын жетекчиси Рыспек Сарпашевдин билдиришинче, түнкүсүн    70 пайыз  таштанды  чыгарылып , ал эми  күндүз  48 бригада иш алып барууда.

Сентябрь айынан тарта  сдельный оплатага өткөнбүз.  Канча мусор алып чыгарса ошого жараша  акча төлөйбүз. Водителдер өздөрү машинасын  оңдойт, май куюшат ушундай услугага өткөнбүз. Азыр 52 машина иштеп жатат. Бирок  убагында чыгарып кете албай, 2 саатка   кечиккен учурлар болууда.  Бул  бригадалар  тротуарларды  жууп тазалап, газондорду акыр-чикирден  арылтууда.  

Мына ушул  иштер  мындан ары да улана тургандыгын жаңы шайланган мэр  Албек Ибраимов  маалымат жыйында билдиргени  бар.

Буга чейин тазалык системасы боюнча жасалып келген иштер  бүгүн өз жемишин берип жатат.  Биринчи кадамдар көрүнүп жатат. Азыр жаз  келип, кыш мезгилинен кийин  көп  жумуштарды жасаш керек болуп калды. Жазгы иштер   ошентип өз ыгы менен аткарылат.   Тазалыктын биринчи иштери мына ушул жазгы жумуштарга  багытталат. 

Шаардык муниципалитеттин “тазалык” мекемесинде  структуралык өзгөрүүлөр болду.  Ага жараша  кызматкерлердин да маянасы жогорулап, иштин кызыкчылыгына  кыйла жардамын көрсөттү. Деген менен абоненттик база  боюнча айрым бир маселелер бар экендигин белгилеген  шаардык кеңештин депутаты  Асел Пирматова, жаңы мэр дал ушул көйгөйлөргө көңул бурушу зарыл деп эсептейт.

 Абоненттин базада  бардык шаар тургундары каттоодо жок. Мына  ушул базанын үстүндө иш алып баруу керек. Анткени мунун бардыгы акча. Жалпылап  айтканда, таштанды чыгарылып жатат, мына ушул   Кулматов баштаган иштерди   Ибраимов  улантышы керек. Ал азыр  жаңы келип, мага дагы  убакыт бергиле деп  жатат, биз буюрса алдыда аны менен жолугуп , сүйлөшөбүз. 

Талдоочулар,  муниципалдык бийликтен  негизги  делген эл аралык стандарттагы  заманбап  таштанды полигонун курууну, шаардык  таштанды жаткан аймакты рекультивациялоо сыяктуу  маселелердин үстүндө иш алып баруу милдети бар экендигин белгилешет.

Гүлбүбү Усенова БИРИНЧИ РАДИОДО