Жаңылыктар
Каракол шаарында кышкы эс алуу убагы он беш, жыйырма күнгө кеч башталат
Туризм
Каракол шаарында кышкы эс алуу убагы он беш, жыйырма күнгө кеч башталат

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кышкы эс алуу убагы он беш, жыйырма күнгө кеч башталат. Себеби аймакта ноябрь айында аба-ырайы жылуу болуп, кар анчейин жаай элек. Бул өз кезегинде меймандарды кабыл алып, жылдык киреше камдаган жеке ишкерлерди да, эс алуучуларды да тынчсыздантып турат. Мындан сырткары кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн абал дагы ишкерлерди кооптондурууда. Себеби чек арада кезек күтүүдөн ыңгайсыздыкка кабылган эс алуучулар быйыл башка аймактарды тандап кетиши толук ыктымал. 

Каракол лыжа базасы, жыл сайын көпчүлүк сүйүп эс алып келген жай. Былтыр бул убакта чет элдик туристтерден бут коерго жер жок болчу. Быйыл бирин-эки Казакстандын жарандары жүрөт. Эс алуучулар болсо чек арадан кармалбай өтүп кеткенибиз үчүн гана бул аймакКа келдик дешет. 

Тоо лыжа базасына акыркы үч күндөн бери гана туристтер келип жатат. Себеби кардын жаабай жатышы кышкы эс алуу убагынын кечеңдешине алып келүүдө. Лыжа база болсо техникалык жактан толук даяр болду. Жаратылыштын жаман аба-ырайы болбойт дешет. Бирок чыкылдаган суук түшүп, калың кар жаап койсо жергиликтүүлөр үчүн гана пайдалуу болмок. Жеке ишкерлерди кыргыз-казак чек арасындагы абал дагы көбүрөөк кооптондуруп турат.

Кандай болгон күндө да кышкы эс алуу убагын ачуу 25-26-ноябрга белгиленди. Ага чейин Караколдуктар чыдамсыздык менен күтүп жаткан калың кар да жаап калаар деп туралы.