Жаңылыктар
Кыргызстанда тамак-аш тартыштыгы жок
Айыл чарба
Кыргызстанда тамак-аш тартыштыгы жок

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги белгилегендей, республикада өндүрүлгөн ун жана ун азыктарынын кору жаз мезгилине чейин толук жетет. Базарларда азык-түлүктүн башка түрү да кенен. Бирок, алардын айрымдарынын баасы 5 сомдон 10 сомго чейин жогорулаганын адистер белгилешүүдө.

Азык-түлүк товарлары сатылган “Ош базары”. Капчыгыңа жараша каалаган азык-түлүктү сатып ала бер. Анткен менен, негизги керектөө, ун, ун азыктары, күрүч, май сыртта эле эмес, кампада да жыйылып турат. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде жаралган абалдан 50 кгдык бир мүшөк ундун баасы 50 сомдон 100 сомго чейин көтөрүлдү. Бирок, бул жалпы баага таасир этпегенин сатуучулар белгилешет. 

Айыл чарба министрлигинин маалыматында Кыргызстан быйылкы жылы буудайдан 650 миң тонна түшүм алды. Өлкөнүн унга болгон жылдык керектөөсү 300 миң тонна. Республикада өндүрүлгөн түшүм өлкөнүн керектөөсүнүн 80%га жакынын жабат. Коңшу Казакстандан 50 миң тонна даяр ун келсе, 300 миң тоннадай сатып алынган буудай жергиликтүү ун комбинаттарынан кайра иштетилет.

Жашылча жемиштердин баасы да туруктуу. Алардын наркы көтөрүлүп же түшүп кеткени жок. Айыл чарба өлкөсү аталган Кыргызстанда негизги керектелүүчү азык-түлүктүн баары өсөт. Мезгилдик алынган түшүм кийинки оруп жыйноого чейин жетерин адистер белгилешет.