Жаңылыктар
Бишкек: мас айдоочунун айынан 3 адам каза болду
Кырсык
Бишкек: мас айдоочунун айынан  3 адам каза болду

Бишкектин четиндеги "Ала-Тоо" совхозунда Mazda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу беш адамды коюп кетти. Окуя 20-ноябрда саат 15.30дар чамасында болгон. 

Кырсык болгон жерден 45 жаштагы аял көз жумган. Жаракат алган үчөө ооруканага жеткирилген. 

Алардын арасында 7 жаштагы бала, 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 40 жаштагы аял болгон. Бала менен аял ооруканада көз жумган. 

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мас абалында болгон. Ал эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.