Жаңылыктар
Бишкекте бир учурда беш унаа кагышкан кырсык катталды
Кырсык
Бишкекте бир учурда беш унаа кагышкан кырсык катталды

Бишкектин Жибек Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинде бир учурда беш унаа кагышкан кырсык катталды. Окуя 20-ноябрда болжол менен саат 19.30дарда болгон. 

Алдын ала маалымат боюнча, жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Toyota Ist жана Mercedes Sprinter унаалары менен кагышкан. Андан соң Volkswagen Golf машинасын сүзүп, ал капталына оодарылып калган.

Ist күү менен келип Honda Stepwgn унаасын урган. Ал эми Golf Toyota менен сүзүшкөн. Кырсыктан жабыркаган киши болгон эмес. Учурда кырсыктын кесепеттери такталып жатат.