Жаңылыктар
Жалал-Абадда ИИМ кызматкерлери батирлүү болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда ИИМ кызматкерлери батирлүү болушту

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, жаңы турак жайлардын ачылышы ал үчүн майрамдык өзгөчө окуялар экендигин белгилеп өттү.

Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир нече үй салынгандыгын эске салып, декабрь айында Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн дагы 200 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктаарын кошумчалады. 


“Мындай иштер Өкмөт жана кийинки Президент тарабынан улантылат. Анткени күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Кыргызстанда туруктуулук жана коопсуздук болушу үчүн ошол туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандар күчтүү болушу керек. 2010-жылдагы трагедия учурунда армия менен милициянын жоктугунун кесепетин көргөнбүз”, -деди президент. 


Мамлекет башчысы акыркы алты жылда Кыргызстан өнүгүүдөгү өз жолун тапкандыгын белгиледи. “ Алты жыл мурда Кыргызстан талкаланып жок болот дешкен. Андай болгон жок. Азыр өлкө чыңдалып, күн санап гүлдөп баратат. Биз бул жолдон тайбашыбыз керек”, -деди Президент. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев жарандарды биримдикти жана ынтымакты сактоого чакырды. 

“Кыргызстандын жарандарынын арасында улуттарга бөлүүгө жол берилбеши керек. Көп улуттуу кыргыз эли – бирдиктүү эл. Биздин күчүбүз - биримдикте”, - деди ал. 

Мамлекет башчысы өз сөзүнүн соңунда, үйлөрдүн короосунда балдар үчүн аянтча курууга 300 миң сомдук сертификат тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрүп чыкты.