Жаңылыктар
Ош шаарында газга болгон карызды төлөбөгөндөрдүн газы өчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында газга болгон карызды төлөбөгөндөрдүн газы өчүрүлдү

Атайын жүргүзүлгөн рейддин алкагында 2 миң сомдон жогору карызы бар жана бир нече эскертүүлөргө карабай, аны жойбогондор газ тутумунан үзүлдү. Абоненттердин арасында шарты болбой, көгүлтүр отко төлөм жүргүзбө албай жатышканын айтышса, айрымдар бул кызматтын адистерине кыр көрсөтүп  да келишет. 

Учурда газдын кубу 14 сом 40 тыйындан сатылууда. Бул баа өткөн жылдын ушул мезгилиндегиден 4 тыйынга кымбат. Муну адистер доллардын өсүүсү менен түшүндүрүшөт. Анткени көгүлтүр отун коншу Өзбекстандан даллар менен сатып алынат.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"