Жаңылыктар
А.Атамбаев иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду
Саясат
 А.Атамбаев иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. 

Дубанда өлкө башчы ички иштер министрлигинин кызматкерлерине салынган турак үйдүн ачылышына катышып, батирлердин ачкычын тапшырды. 

Иш сапардын алкагында Жалал-Абад шаарындагы дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салды. 

Өлкө башчы өз сөзүндө милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, жаңы турак жайлардын ачылышы ал үчүн майрамдык өзгөчө окуялар экендигин белгилеп өттү. 

Бул жолу тартип сакчыларына 100 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев жарандарды биримдикти жана ынтымакты сактоого чакырды. Кыргызстан көп улуттуу өлкө, ошондуктан, адамдардын арасында улуттарга бөлүүгө жол бербей, өнүгүүгө карай бирге аракет кылалы деди.

Иш сапарынын алкагында президент Жалал-Абад шаарындагы дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салып, долбоордун башкы планы менен таанышты.