Жаңылыктар
А. Атамбаев "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
А. Атамбаев "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка 20-ноябрда кол койду. 

Ага ылайык, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн ишинен өзгөчөлөнгөн айрым замандаштарыбыз мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышат. 

Мамлекеттик жогорку сыйлыктар соңку алты жылда өлкөнүн бардык тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкондорго ыйгарылууда. Арасында маданият кызматкерлери, дарыгерлер, мугалимдер, илимпоздор, мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар, журналисттер бар. 

Сыйлык 22-ноябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында тапшырылат.