Жаңылыктар
Жол кырсыгы көбөйгөндүгүнө байланыштуу автомектептер катуу көзөмөлгө алынууда
Кырсык
Жол кырсыгы көбөйгөндүгүнө байланыштуу автомектептер катуу көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги "Ала-Тоо" совхозунда Mazda үлгүсүндөгү унаа беш адамды коюп кетти. Окуя 20-ноябрда саат 15.30дар чамасында болгон. 

Кырсык болгон жерден 45 жаштагы аял көз жумган. Жаракат алган үчөө ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, алардын экөө ооруканадан көз жумган. 

Кечээ күнү дагы бир жол кырсыгы катталып, Мазда үлгүсүндөгү автоунаа беш адамды коюп кетти. Кырсык болгон жерден 45 жаштагы аял көз жумган. Жаракат алган үчөө ооруканага жеткирилген. Ал эми бала менен аял ооруканада көз жумган. Айдоочу эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мас абалында болгон.

Акыркы учурда жол кырсыгынын көп каттала баштаганына байланыштуу өлкөдө автомектептердин окутуу программалары көзөмөлгө алынууда. 

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын соңуна чейин жаңы эреже иштеп чыгууну Юстиция министрлигине тапшырган. Анда, айдоочулукка үйрөткөн окуу жайлардын окутуу программасын кайрадан карап чыгуу, теориялык билимди кыскартып, практиканы көбөйтүү жагы каралган. 


Айдоочу болом дегендер автомектепти бүткөндөн соң, Мамлекеттик каттоо кызматынын сынагынан өтүшү керек. Айдоочулук күбөлүгүн сатып алууга мүмкүн эмес. Анткени, азыр бардык жаран онлайн тартибинде көзөмөлдөнүп турат. 

Эми жаңы эрежелер иштелип чыкса, жол эрежесин бузгандар атайын тесттен өтүшөт. Жол эрежелерин жакшы билбегендер кайрадан автомектептен билим алууга жиберилет.