Жаңылыктар
Өлкөдө туризм тармагы бир кыйла алдыга жылды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө туризм тармагы бир кыйла алдыга жылды

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн мейманканалары менен ресторандары 14 млрд сомдук кызмат көрсөтүшкөн. Бул өткөн жылдын тогуз айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 7 пайызга көп дегенди түшүндүрөт.

Быйыл Кыргызстанга биринчи жарым жылдыкта эле 2 млн  жакын турист келген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп. 

Демек Кыргызстан - тогуз жолдун томунда, Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, адам суктанаарлык кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, керемет Ысык-Көлү менен жылдан жылга туризм өлкөсүнө айланып баратат.

Туризм жаатындагы эксперттер Кыргызстанда тейлөө эл аралык стандарттарга ылайыкташып келе жатканын айтып келишет. Анткени тамак-аш экологиялык жактан таза, ал эми тейлөө дүйнөдөгү белгилүү эс алуучу жайлардан артта калбайт.

Туризм тармагы экотуризм, этнотуризм же массалык туризм сыяктуу көп багытты камтыйт. Кыргызстанда кайсы багыт болбосун туризмдин өнүгүүсүнө шарт бар. 

Талдоочулар белгилегендей, негизинен туризмдин пайдасын түшүнүп, сырттан келген конокторду тиричиликтик жактан тейлөө бир нукка түшүп калды. Алардан түшкөн кирешелер дагы жылдан-жылга эселеп өсүүдө. 

Муну менен катар туристтерди маданий-спорттук жактан тейлөө, аларга элибиздин тарыхый, этнографиялык, каада-салттык өзгөчөлүктөрүн тааныштыруу жана Кыргызстан жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү иштери да өздөштүрүлүүдө.