Жаңылыктар
Текебаев менен Чотоновго карата мурда чыгарылган сот өкүмү күчүндө калтырылды
Саясат
Текебаев менен  Чотоновго карата мурда чыгарылган сот өкүмү күчүндө калтырылды

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата мурда чыгарылган сот өкүмү күчүндө калтырылды.

Мындай чечим Жогорку Сотто кабыл алынды. Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн чыккан райондук, шаардык соттун буга чейинки өкүмдөрүнө нааразы болуп, алардын адвокаттары Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Көзөмөл арызды айыптоочу тарап да жазган.

Текебаев менен Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. 

Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет. Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47-түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27-абакка которулган.Текебаев Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болчу. 2-ноябрда Боршайком аны депутаттык мандаттан ажыраткан.