Жаңылыктар
С.Исаков «TAV Airports Holding» компаниясынын аткаруучу директору менен жолугушту
Экономика
С.Исаков «TAV Airports Holding» компаниясынын аткаруучу директору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «TAV Airports Holding» компаниясынын аткаруучу директору Мустафа Сенер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташтык келечеги, тактап айтканда, «TAV Airports Holding» ири эл аралык компаниясынын «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун модернизациялоого инвестициялоосу талкууланды.

Мустафа Сенер маалымдагандай, «TAV Airports Holding» компаниясы дүйнөдөгү аэропорттордун алдыңкы операторлорунун бири болуп саналат. Анын айтымында, компания Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар.

Мустафа Сенер ошондой эле компания дүйнөнүн ар-кыл мамлекеттеринде 17 эл-аралык аэропортту башкараарын жана андагы жалпы жүргүнчүлөр агымы жылына 100 млн. адамды түзөөрүн маалымдады .

Премьер-министр Сапар Исаков жаңы инвестордун ички рынокко ыңгайлуу кирүүсү үчүн тийиштүү даярдык иштерин өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, аэропорттор дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы дарбазасы болуп саналат, ошол себептүү алардын мүмкүндүктөрүн: инфраструктурасын өнүктүрүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу жана жаңы инвесторлорду тартуу маанилүүлүгүн белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында, бул атамекендик туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Компаниянын маалыматы боюнча, ал жаңы аэропортторду курууга инвестициялоого даяр. Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөт өлкө парламентинин кошумча консультациясын талап кылган аталган долбоор алкагында кызматташууга даяр. Буга катар Премьер-министр долбоор депутаттардын колдоосуна ээ болооруна ишеним билдирди.

Андан соң жолугушуунун катышуучулары биргелешкен иштин шарттарын жана инвестициялык долбоор пландарын тыкыр талкуулады. Өкмөт башчынын айтымында, мындан аркы иш аталган маселе боюнча эксперттерден жана мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган иштиктүү топтун алкагында жүргүзүлөт.