Жаңылыктар
Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы ЮНЕСКОнун белгилүү даталар тизмесине кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы ЮНЕСКОнун белгилүү даталар тизмесине кирди

Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы уюмдун 2018-2019-жылдардагы белгилүү даталар тизмесине кирди. Бул тууралуу резолюция ЮНЕСКОнун 39-сессиясында кабыл алынды. 

Алдыдагы эки жылдагы ЮНЕСКОнун белгилүү күндөр календарына Леонардо да Винчинин дүйнөдөн кайтканынын 500 жылдыгы, орусиялык жазуучу Иван Тургеневдин 200, Нельсон Манделанын 100 жылдыгы сыяктуу даталар киргизилген.