Жаңылыктар
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө
Экономика
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Себеби, Россия дизель майын кошумча нарк салыксыз берүүнү токтотту. Бул тууралу Мунай сатуу бирлигиненен маалымдашты. Ушул жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда дүң баа 12 пайызга чейин жогорулады. Ал эми Кыргызстанда чекене баа төрт пайызга өстү.

                                                                          

Өлкөдөгү мунай сатуу бирлигинин директору Улан  Куловдун “Биринчи радиого” берген маалыматына караганда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөрүн божомолдонууда.  Кыргызстан  менен Орусиянын ортосунда бир жыл ичинде кошумча нарк салыксыз 490 миң тонна дизель жана 470 миң тонна бензин алууга келишим түзүлгөн. 

Учурда өлкө боюнча  бензин жетиштүү, бирок дизель майын Россия кошумча нарк салыксыз өткөрбөй  жатат. Россия бажычылары бизге берилген өлчөмдөн жогору дизель алдыңа  деген көз карашын билдирүүдө. Бирок мунай  сатуу бирлигинин эсеби боюнча лимитке жете электиги айтылууда.


Экономика илимдеринин доктору, талдоочу  Жумакадыр Акенеевдин пикирине караганда дизелдин отун боюнча көгөй жаралуусуна  негиз жок. Анткени, кошумча нарк салыгынын наркы анча деле жогору эмес экенин  эске салат.

   

Учурда кырдаалды  жөнгө салууга аракет көрүлүүдө. Республикадагы айрым компанияларда дизель  запасы азайып бара жаткандыктан тоннасына 28,8 доллар кошумча нарк салык төлөп  сатып алып жатышат. Анын натыйжасында  эгер кошумча нарк салык маселеси чечилбесе,  дизель майынын баасы болжол менен эки сомго кымбаттап кетиши ыктымал экенин мунай  сатуу бирлигинин директору Улан Кулов билдирди.

К.Калилов, Биринчи радио