Жаңылыктар
Казакстандагы сынакта Кыргызстандык бийчилер алтын медалга ээ болушту
Маданият
Казакстандагы сынакта Кыргызстандык бийчилер алтын медалга ээ болушту

Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бий спорту федерациясынан билдиришти.

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты. 

Никита Герасименко менен Салтана Сейдалиева "Жаштар жана чоңдор" категориясында алтын жана "Жаштар стандарт" категориясында күмүш медаль алышты. "Жаштар жана чоңдор. Латина" сынагында Абай Туменбаев менен Маргарита Алиева биринчи орунду камсыздашса, "Жаштар жана чоңдор. Стандарт" категориясы боюнча коло медалдын ээси болушту. 

"Юниорлор-2" даражасында Адилет Төлөмүшов менен Кристина Титунина биринчи орунга татышты. Ал эми "Юниорлор-1" категориясында Дмитрий Блинков менен Асаль Мамбетова экинчи орунга илинди. 

Калыстар тобунун катарына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген адистер кирди.