Жаңылыктар
Кыргызстанда айыл чарба техникасын жана жеңил унааларды чыгаруучу завод ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда айыл чарба техникасын жана  жеңил унааларды чыгаруучу завод ачылат

Кыргызстанда айыл чарба техникасы, жеңил унаа менен автобустар чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурадил Баясов маалымдады. 

Анын айтымында автобустардын тетиктерин чогултуу, айыл чарба техникасын, "ДжиЭм Узбекистан" акционердик коомунан чыккан жеңил автоунаалардын дилерлик борборлору, "Узавтосаноат" жана "Автоцентр Эстакада" компанияларынын жеңил унааларын биргелешип чогултуу боюнча ишканалар ачылат. 

Баясов учурда Кыргызстан менен Өзбекстан өнөктөштөрү жума сайын жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдады. Анда заводду ишке киргизүү күнү, кубаттуулугу, өндүрүлө турган техникалардын аталыштары, жумушчу орундун саны талкууланып жатат.

Базар, ишканалар жана тейлөө кызматы ассоцияациясынын президенти Сергей Пономаревдун айтымында, заводдорду 2019-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. 

"Өзбекстандык инвесторлор Кыргызстанда үнөмдүү кореялык жеңил унааларды чогултуу жана сатуу боюнча өз аянттарын ачууга даяр. Мындай унаалар газ менен жүрүп, баасы да жеткиликтүү болушу каралууда", — деди эксперт. 

Ошондой эле, Пономарев жаңы унааларды сатып алууда акчасын үстөксүз бөлүп төлөө шарттары да каралып жатканын белгиледи. Мындан улам үнөмдүү жана орто класстагы унаалардын кайра сатуудагы баасы ылдыйлай турганы божомолдонуп жатат. Өндүрүштөн чыккан продукция Кыргызстан менен ЕАЭБ аймагында сатылмакчы.