Жаңылыктар
Жээнбековдун ант берүү аземине соңку даярдык көрүлүүдө
Саясат
Жээнбековдун ант берүү аземине соңку даярдык көрүлүүдө

Шайлоодо жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине соңку даярдык көрүлүүдө. Инаугурацияга 450 адам катышат. Иш-чаранын программасы да макулдашылды.

24-ноябрга белгиленген инаугурация эртең менен саат 10до башталат. Иш-чаранын негизги бөлүгү мамлекеттик резиденциядагы “Энесай” кабыл алуу үйүндө өтөт. Анда өлкөнү башкаруу мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, жаңы президент да элге кайрылуу жасап, ант берет. Сооронбай Жээнбеков президенттик күбөлүктү, төш белги жана мамлекеттик штандартты дал ушул жерде кабыл алат. Уюштуруу комитетинде макулдашылган программага ылайык чакырыла турган коноктор менен иш-чарага сарптала турган каражаттын да көлөмү аныкталды.
Инаугурация учурунда мамлекеттик резиденциядан ак үйгө чейинки аралыкты күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кайтарат. Андыктан Айтматов, Манас жана Чүй көчөлөрү убакытылуу жабылаары шаар тургундарына эскертилүүдө.