Жаңылыктар
4 жаштагы баланы көчөдөгү селсаяк зордуктоо аракетин жасаган
Кылмыш
4 жаштагы баланы көчөдөгү селсаяк зордуктоо аракетин жасаган

Оштогу жеке бала-бакчанын 4 жаштагы тарбиялануучусуна көчөдөгү селсаяк зордуктоо аракетин жасаганы айтылууда. Учурда бул иш боюнча укук коргоо органдары иликтөө ишин жүргүзүүдө. Дегеле, Ош шаарындагы бала-бакчаларда коопсуздук чаралары кандай?

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү деп кармалган жигит баланы 3 ирет бакчанын имаратынын арткы жагына жетелеп чыккан. Бул учурда баланы жоктобогон тарбиячысы, бакчанын күзөтчүсү кайда эле, шектүү бакчанын короосуна кантип кирди?, - деген суроо жаралбай койбойт. Бул суроого бакчаларды тескей турган Оштогу билим берүү башкармалыгынын да жообу жок.

Талдоочулардын айтымында, балдарга карата жасалган мындай ыпылас аракет Ошто биринчи жолу катталып жаткан жок. 10 жаштагы өспүрүмдү кордоп жүргөн Оштогу бир мечиттин имамы бүтүндөй мусулман калкынын төбө чачын тик тургузган. Балдарга карата зордук-зомбулук мигрант ата-энелердин жакындары тарабынан көп катталаарын психологдор билдирет. Катаал мыйзамдын жоктугу менен, “бирөө укса уят”,- деген түшүнүктүн канга сиңип калышы, ушул сыяктуу ыпылас көрүнүштөрдүн тамыр жайышын шарттарын адистер айтып келет.