Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен басылып чыккан сөздүк бир катар аскердик терминдерди жана түшүнүктөрдү камтыйт. Жаңы китеп мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу багытында ишке ашырылган.
Күч түзүмдөрүндөгү мындай кыргызча буйрук берүүлөр, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары эле башталган. Андан бери канчалаган аскердик терминдер мамлекеттик тилге которулган болсо, айрым сөздөр көнгөн эле расмий тилде колдонулуп келет. Жалпы жонунан учурда Кыргызстандын күч түзүмдөрүндөгү буйрук берүүлөрдүн 60-70 пайызы кыргызча ишке ашып келет.
Сөздүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан басмадан чыгарылды. Китептин авторлору: Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков, Кыргыз энциклопедиясынын редакторлору Бектурган Абылгазиев, Ысмайыл Кадыров жана Айымкыз Айтмаматова.