Жаңылыктар
Атамбаев бир топ жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Саясат
Атамбаев бир топ жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, экономикалык, социалдык реформаларды жүзөгө ашырууга кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн бир катар тармактардын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду. Ардак наамдарды президент Алмазбек Атамбаев өзү тапшырып, жалпы 150дөн ашык адам өлкө башчынын колунан сыйлык алды. Айтмакчы, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматында акыркы жолу мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Андыктан бул жолку иш-чара өзгөчө мааниге ээ экени айтылууда.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы. Жыйындар залына чогулгандар ондогон кесиптин ээлери, ак эмгеги менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жарандар. Ар биринин эмгеги татыктуу бааланып, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болуп отурушат. Алмазбек Атамбаев буга чейин өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жарандар мындан ары дагы мамлекетке ак эмгегин арнайт деген ишеничин билдирди. Бардыгыбыз бирге, ынтымак биримдикте гана ийгиликке жетишебиз деп баса белгиледи.